Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Ош шаарында № 49 мектепке 148 окуучуга ылайыкталган кошумча корпус курулду.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жаңы корпус Жибек Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан. Мектепте окутуу кыргыз, орус жана өзбек тилинде жүргүзүлөт.
Ачылыш аземине катышкан мэр Жанарбек Акаев шаарда балдар үчүн бардык шартты түзүүгө аракет көрүлүп жатканын белгилеп, жакын арада балдардын коопсуздугу, ыңгайлуулугу үчүн атайын автобус ишке кирерин айтты.
Белгилей кетсек, бул мектеп ушул тапта Ош шаарында курулушу жүрүп жаткан 17 билим уясынын бири.