Ош шаарында жаңы жол куруу пландалууда – эскиздери

Аймак 22 Август 2025 09:10
536856669_1108039528181610_3210268068166211811_n.jpg
536883880_1108039718181591_2299157314920877417_n.jpg
537018773_1108039801514916_5417249771986147242_n.jpg
535990799_1108039691514927_3894632008683140344_n.jpg
536351229_1108039754848254_8567799701300104308_n.jpg
536486810_1108039534848276_3848768608364351914_n.jpg
536489619_1108039601514936_4810294755848694962_n.jpg
536494047_1108039614848268_7896009398153760749_n.jpg
536786427_1108039821514914_1149617565786014894_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 22.08.25. /Кабар/. Ош шаарынын башкы планынын негизинде деталдык пландоо долбооруна ылайык, Б.Нурматов көчөсүн Курманжан датка көчөсүнө бириктирүүчү жаңы жол куруу пландалууда.

Муниципалитеттен маалымдашкандай, бул – шаардын транспорттук инфратүзүмүн жакшыртуу багытындагы маанилүү кадам.

Эскиздик долбоор Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан даярдалган. Ага ылайык, жолдун узундугу 180 метр, эки багыттуу, 6 тилкелүү болмокчу.

Долбоордо:

  • ирригациялык түйүндөр;
  • жашыл аймактар;
  • жөө адамдар үчүн жолдор;
  • жарыктандыруу системалары камтылган.

Жаңы жол ачылса:

  • унаа тыгыны кыйла азаят;
  • шаардыктар үчүн ыңгайлуулук жаралат;
  • инфраструктуралык өнүгүүгө чоң салым болот.

Белгиленгендей, бул өзгөрүүлөр – жаңы, ыңгайлуу жана өнүккөн Ош шаары үчүн жасалып жаткан иш-аракеттердин бир бөлүгү.