Ош шаарында жаңы спорт комплекстин курулушу башталды - эскиздери

Спорт 25 Сентябрь 2025 11:32
553108465_18079404374068772_3854945335512447849_n (1).jpg
553369731_18079404365068772_3380187737383229520_n.jpg
553108465_18079404374068772_3854945335512447849_n.jpg
553369731_18079404365068772_3380187737383229520_n (1).jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 25.09.25 /Кабар/. Ош шаарынын Жапалак айылында жаңы спорт комплекстин курулушу башталды.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттен каржыланууда. Объекттин наркы 82 млн сомду түзөт.

Башкы план боюнча эки кабаттуу “А”, “Б” блоктон турган спорт комплекс курулат. Анда заманбап талаптарга жооп берген тренердин кабинети, спорт, күрөш жана кошумча машыгуу залдары каралат.

Объекттин курулуш-монтаждоо иштери “Байсал Курулуш” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.