Бишкек, 16.10.25. /Кабар/. Ош шаарында жаңы сейил бак курулуп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Сейил бак мэр Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен Курманжан Датка жана Гапар Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде курулууда.
Сейил бакта чыгармачыл жаштар үчүн жайкы сахна, эс алуучулар үчүн отургучтар жана беседкалар курулуп, жашыл аймак менен жарыктандыруу системалары орнотулат.
Буга чейин бул жерде гүл базар, дүкөндөр жана тамактануучу жайлар орун алып, жол кыймылына тоскоолдук жаратып келген.
Мэрдин тапшырмасына ылайык, бул курулуштар алынып, суунун жээги бошотулган.