Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналары түзүлөт – тизме

Аймак 16 Март 2026 09:25
649224964_1271871715131723_6872095106185242353_n.jpg
649817598_1271871561798405_1973577125345496592_n.jpg
650117856_1271871735131721_1784051246567676195_n.jpg
650725516_1271871621798399_86550780258547953_n.jpg
650972850_1271871438465084_92631340456159908_n.jpg
651019846_1271871478465080_6906595294693889881_n.jpg
651019849_1271871555131739_7169064703829961555_n.jpg
651032143_1271871465131748_4977045603078998041_n.jpg
651194885_1271871528465075_8079307672298056862_n.jpg
651233549_1271871791798382_3889830512773695591_n.jpg
651239201_1271871491798412_1966719437330785429_n.jpg
651708166_1271871768465051_500434674933060737_n.jpg
652471962_1271871761798385_5750408367291928507_n.jpg
653002644_1271871861798375_1159987251303248087_n.jpg
653052976_1271871708465057_5931243390489616677_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналары түзүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Күн мурун калаа башчысы Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен бирге шаар четинде жайгашкан, келечекте өндүрүштүк зоналарды түзүүгө ыңгайлуу аймактарга барып, ал жерлердин учурдагы абалы жана мүмкүнчүлүктөрү менен жеринен таанышты.

Мэр жаңы өндүрүш зоналары шаар экономикасын өстүрүп, ишкерлерге шарт түзөрүн жана калкты жумуш менен камсыздай турганын белгиледи.

Ал шаарды өнүктүрүү алкагында төмөнкү аймактарда өндүрүш зоналарын түзүү пландалып жатканын айтты:

  • Озгур айылы — агрардык өндүрүш;
  • Жапалак — тамак-аш өнөр жайы; Алымбек Датка — оор өнөр жай;
  • Жибек Жолу — жеңил өнөр жай.

Бул демилге өндүрүштү иретке келтирип, шаардын экономикалык потенциалын жогорулатууга багытталган. Шаар мэри тиешелүү кызматтарга белгиленген аймактарда келечектеги өндүрүш зоналарын түзүү боюнча деталдуу пландарды иштеп чыгуу боюнча тапшырмаларды берди.

Бул иштер этап-этабы менен ишке ашырылып, жакынкы жылдары Ош шаарында жаңы өндүрүштүк ишканаларды ачууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт.