Ош шаарында жалпы 105 шайлоо тилкеси ачылып, добуш берүү активдүү жүрүүдө

Шайлоо 30 Ноябрь 2025 12:08
592008852_1190931356559093_7322235587833247146_n.jpg
592049633_1190931266559102_3348083172655620055_n.jpg
592075499_1190931133225782_3475405478275074307_n.jpg
592153878_1190931076559121_5937724246213435152_n.jpg
590172243_1190931036559125_8406270840872508079_n.jpg
Алдыга
Артка

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо активдүү жүрүүдө.

Ош шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, шаарда жалпы 105 шайлоо тилкеси бар. Анын 66сы №6 округга, 35и №5 округга, 4ү №7 округга карайт. Ал эми Кара-Суу районунун Папан айыл аймагы толугу менен (9 участка) №6 шайлоо округуна кирет.

Шаарда 161 миңден ашуун шайлоочу бар.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев №5283 шайлоо тилкесинде аралыктан добуш берип, жарандык милдетин аткарды.

Мэр шаар тургундарын шайлоого активдүү катышууга жана өлкөнүн келечегине кайдыгер карабоого чакырды. Быйылкы шайлоону таза жана ачык өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи. Ошондой эле тиешелүү органдарга добуш сатып алуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттер байкалса, аларга тыкыр көңүл бурууну эскертти.

Белгилей кетсек, жергиликтүү бийлик органдары парламенттик шайлоону уюштуруу үчүн бардык добуш берүү тилкелерин талапка ылайык жабдып, шарттарды камсыздаган.