Ош шаарында заманбап реабилитациялык борбор куруу пландалууда

Аймак 07 Август 2025 09:00
1.jpeg
528457507_1201762581993413_626437390172613081_n.jpg
528499475_1201762688660069_436706604179771694_n.jpg
528635738_1201762631993408_745454907113655306_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpeg
528457507_1201762581993413_626437390172613081_n.jpg
528499475_1201762688660069_436706604179771694_n.jpg
528635738_1201762631993408_745454907113655306_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 07.08.25. /Кабар/. Аймактарга заманбап реабилитациялык борборлор керек, - деди эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Ошто жаңы реабилитациялык борборду куруу үчүн бөлүнгөн жер тилкесин көрүү учурунда.

Ведомстводон маалымдашкандай, министрдин аймакка жумушчу сапарынын максаты майыптуулугу бар жарандарга , анын ичинде физикалык жана менталдык түрдө ар кандай оорулары бар адамдарга комплекстүү социалдык реабилитация кызмат көрсөтө турган мекемени жайгаштыруу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө болгон.

Борбор жыл бою үзгүлтүксүз иштеп, заманбап стандарттарга ылайык курулат жана куруу жана керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу үчүн каражат президенттин резервдик фондунан бөлүнөт.

Министр белгилегендей, реабилитациялык инфраструктураны аймактарда өнүктүрүү – мамлекеттик социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Жаңы борбор ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга жана социалдык коргоо тутумун бекемдөөгө олуттуу салым кошот.