Бишкек, 07.04.25. /Кабар/. Ош шаарындагы Санабар Бахапова көчөсүндө "Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты" муниципалдык ишканасына заманбап күнөскана курулууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда аталган жерди тегиздөө жана тосмолорду куруу иштери жүрүүдө.
Ал эми эски күнөскананын орду ишкананын жанаша жайгашкан унаа токтотуучу жайына кошулуп кеңейтилет.