Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Ош шаарынын "Агрардык чарба" муниципалдык ишканасы быйыл 89,3 тонна түшүм жыйнады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Бүгүн мэр Жанарбек Акаев ишканада болуп, түшүм жыйноо жана күздүк айдап-себүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.
"Быйыл ишкана 64,7 тонна буудай жана 24,6 тонна арпа жыйнап алды. Учурда күздүк айдоо жана себүү иштери башталды", - деп айтылды маалыматта.
Мындан тышкары, ишкананын гаражы айыл чарба иштерин жүргүзүүгө зарыл болгон техникалар менен толукталды. Бул техникалар жер иштетүү, себүү жана түшүм жыйноо иштерин өз убагында жүргүзүүгө шарт түзөт.