Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Ош шаарында заманбап технологиялар менен жабдылган гүл өстүрүүчү күнөскана пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Анын ачылышына мэр Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Маалыматка ылайык, күнөсканада гүлдөрдү сугаруу, жылытуу жана желдетүү системалары толугу менен автоматташтырылган.
Мындан тышкары, жумушчулар үчүн жатакана, ашкана жана башка зарыл шарттар түзүлгөн.
Жаңы күнөскана "Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты" муниципалдык ишканасынын ишин жеңилдетип, шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин күчөтүүгө шарт түзөт.