Алайдагы күнөскана окуучуларды экологиялык таза азыктар менен камсыздайт

Аймак Жүктөлүүдө... 26 Март 2025 15:28
487176254_1084906177016459_35.max-1920x1080.format-webp.webp
486713181_1084906297016447_96.max-1920x1080.format-webp.webp
486452051_1084906293683114_75.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
487176254_1084906177016459_35.max-1920x1080.format-webp.webp
486713181_1084906297016447_96.max-1920x1080.format-webp.webp
486452051_1084906293683114_75.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Билим берүү жана илим министрлиги

Бишкек, 26.03.25. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева өлкөнүн түштүк аймагына болгон иш сапарынын алкагында Алай районунун Сопу-Коргон айылындагы №3 Токтогул атындагы орто мектепке барды.

Мекемеден билдиришкендей, министр мектепти жана мектептин күнөсканасын көрүп чыкты.

Мектептин директору Кыялбек Садырбеков бул күнөскана 2023-жылы түзүлгөнүн айтып, мында окуучулар бадыраң, помидор жана гүл өстүрүшөт.

Анын айтымында, бул киргизилген жаңылык балдарды өсүмдүктөргө кам көрүүгө үйрөтүп, эмгекке тарбиялайт.

Догдуркүл Кендирбаева мектепте күнөскана уюштуруу жакшы тажрыйба экенин белгиледи.

«Бул күнөскана мектеп окуучуларын экологиялык жактан таза продукция менен камсыз кылат. Мындан тышкары, бул питомник биологияны окутуунун практикалык жери болуп саналат жана предметти кызыктуу жана билимдүү кылат», - деди ал.

Ошондой эле балдарга STEM предметтерин окутуу ушундай практикалык түрдө жүргүзүлүшү керектигин белгилеп, окуучулар Ага Хан Фондунун максаттуу мектептеринин биринде Мектеп2030 программасынын алкагында уюштурулган күнөсканада жашылча багып жатышканын белгиледи.