Ош шаарында таштанды заводу быйыл курулуп бүтөт – Амангелдиев

Аймак Загрузка... 05 Февраль 2026 11:45
1763115979.width-80.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Ош шаарында таштанды заводу быйыл курулуп бүтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, таштандыны кайра иштетүүчү заводду куруу боюнча инвесторлор менен келишим түзүлгөн.

“Ош шаарына Бишкектеги таштандыларды кайра иштетүүчү заводдой болгон завод курулат. Бишкек шаарында кандай кепилдиктер жана жеңилдиктер берилген болсо, Ош шаарына да ошондой шарттар каралды. Ушул жылдын ичинде завод курулуп бүтөт. Өндүрүлгөн электр энергиясын Энергетика министрлиги сатып алат”, - деди Амангелдиев.