Ош шаарында сүттү кайра иштетүүчү цех курулуп жатат

Экономика Загрузка... 07 Ноябрь 2025 11:29
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 07.11.25. /Кабар/. Ош шаарында курулуп жаткан сүттү кайра иштетүү цехи быйылкы жылга каралган 63 өндүрүштүк ишкананын тизмесине киргизилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ишкананы куруу үчүн жалпы 2 гектар жер аянты талап кылынат. Учурда анын 1 гектар жери өнөр жай аймагына которулуп, 5 жылдык мөөнөткө "Обил Файз" ЖЧКсына берилген.

Бүгүнкү күндө иштетилген продукцияны сактоо максатында бөлүнгөн 1 гектар жердин 0,12 гектарына заманбап технологиядагы логистикалык сактоочу жай курулуп, ал толук ишке киргизилген.

Үзгүлтүксүз электр камсыздоону камсыз кылуу максатында 450 кВт кубаттуулуктагы трансформатор орнотулуп, тиешелүү электр тармактары тартылган. Электр энергиясы үзгүлтүккө учураган учурларда продукциянын сапатын сактоо үчүн кошумча генератор иштөөдө.

Учурда сүттү кайра иштетүү үчүн зарыл объекттердин курулушу жүрүп жатат. Тиешелүү долбоордук-сметалык документациялар толугу менен бүткөрүлүп, бардык юридикалык талаптарга жооп берет. Финансылык маселелер чечилген, долбоор ишке ашууга толук даяр. Ишкана ICO талаптарына жооп берип, тизмеге киргизилген.

Мындан сырткары, ишкананын ишмердүүлүгүн кеңейтүү максатында кошумча 1 гектар жер аянты берилсе, продукцияны Кытай жана Түркиядан сатып алуунун ордуна, жергиликтүү деңгээлде өндүрүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бул өз кезегинде продукциянын өздүк наркын төмөндөтүп, жарандарга арзан баада сапаттуу азыктарды сунуштоого өбөлгө түзөт.