Бишкек, 17.07.26. /Кабар/. Ош шаарында заманбап "Rayan" мейманканасы ачылды.
Ош шаардык мэриясынын маалымытына ылайык, 8 кабаттан турган жаңы мейманкана бардык стандарттарга жооп берет. Коноктор үчүн бардык шарттар түзүлүп, ыңгайлуу бөлмөлөр, конференц-зал, ресторан жана эс алуу зоналары каралган.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышып, акыркы жылдары шаарга келген инвесторлордун саны кайрадан көбөйүп, абал өзгөрүп жатканын белгиледи.
"Биз инвесторлорду тартуу жана туризмди өнүктүрүү багытында системалуу багыт менен иштеп жатабыз. "Rayan" мейманканасынын ачылышы мунун ачык мисалы. Ош шаары ири инвестициялык долбоорлор үчүн ыңгайлуу жана коопсуз аймак экенин көрсөтүп жатабыз", - деди Акаев.
Белгиленгендей, жаңы мейманкананын ачылышы менен шаарда жумуш орундары көбөйүп, кызмат көрсөтүү тармагы дагы бир баскычка көтөрүлөт. Бул Ошто туризмдин өнүгүшүнө жана шаардын инвестициялык имиджинин жакшырышына чоң түрткү болот.