Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Эртең, 20-мартта Ош шаарында Орозо айт намазы мечиттерде окулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Айт намазын өткөрүүнүн тартиби:
- 07:30-08:00 – Куран окуу;
- 08:00-08:25 – Диний баяндар;
- 08:25-08:30 – Айт намазын окуу тартибин, эрежелерин түшүндүрүү;
- 08:30-08:50 – Айт намазын окуу.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын чечими менен Орозо айт намазы Бишкекте гана аянтта окулат.