Бишкек, 21.03.26. /Кабар/. Ош шаарында бүгүн, 21-март Нооруз майрамы Барпы Алыкулов сейил багында даярдалган сүмөлөк ачуу аземи менен башталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Анда шаар мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев энелердин ак батасы менен жакшы тилектерди айтып, ынтымак, береке жана молчулук каалоо менен сүмөлөктөн ооз тийишти.
Андан соң борбордук аянтта уюштурулган майрамдык салтанаттуу маданий иш-чарага жол тартышты.