Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери уланууда

Аймак Загрузка... 07 Апрель 2026 13:15
images.jpg
copyright icon Ош мэриясы

Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Анда белгиленгендей, мэр Жанарбек Акаевдин тапшырмасынын негизинде шаарда уруксат документтери жок же курулуш талаптарына жооп бербеген объекттер аныкталып, бузулууда. Учурда Курманжан датка көчөсүндө мыйзамсыз курулган бизнес объекттер демонтаждалып жатат.

Ошондой эле Ак-Буура дарыясынын корук аймагындагы мыйзамсыз курулуштар тиешелүү кызматтар тарабынан толугу менен алынып, баштапкы абалына келтирилди.