Бишкек, 25.08.25. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык такси айдоочусуна тандоо жүрөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, айдоочу 21 жаштан кем эмес, 55 жашка чейин мурда соттолбогон болушу керек.
Ал эми айдоо тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес, "В" категориясындагы айдоочулук күбөлүк зарыл. Медициналык жактан ден соолугу жана психикалык абалы жакшы болгон Кыргызстандын жарандары кабыл алынат.
Айдоочунун негизги көнүмдөрү жана сапаттары:
- шаарды жакшы билүү жана мыкты айдоочулук чеберчилик;
- профессиналдуулук жана сылык мамиле;
- тактык жана тазалыкты сактоо;
- достук жана жакшы жүрүм-турум;
- дресс-кодду сактоо жана түшүнүү.
Байланыш үчүн: +996 704 557 714.