Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. Ош шаарындагы №29 мектептин жаңы окуу корпусу пайдаланууга берилди.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, билим уясы президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда 11-сентябрда ачылды.
Мектеп Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча ачылган 105 социалдык объекттин бири болуп саналат. Мектеп Ош шаарындагы Ж.Мамытов көчөсүндө жайгашкан.
Долбоордун алкагында курулушу бүтпөй калган имарат реконструкцияланып, анын функционалдык багыты 275 орундуу мектепке өзгөртүлдү.
Башкы планга ылайык, мектептин курамында үч кабаттуу окуу имаратынын эки блогу каралган. Анын ичинен А-блогу толугу менен реконструкцияланды