Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Ош шаарында Курман айт намазы борбордук аянтта окулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Айт намазын өткөрүүнүн тартиби жана программасы:
- 06:30 – 07:00 — Ыйык Куран аяттарын окуу жана дуба кылуу;
- 07:00 – 07:25 — Диний баяндар;
- 07:25 – 07:30 — Айт намазын окуунун тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү;
- 07:30 — Айт намазын окуу.
Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаарында Орозо жана Курман айт намаздары мечиттерде окулуп келген.