Ош шаарында көп кабаттуу унаа токтоочу жай курулат

Аймак 31 Октябрь 2025 15:15
1.jpg
571243039_1166974165621479_5219264246693132636_n.jpg
572158514_1166974202288142_3149652636608316007_n.jpg
572276313_1166974148954814_452290546962437734_n.jpg
574862143_1166974175621478_4063352333269449870_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 31.10.25. /Кабар/. Ош шаарында көп кабаттуу унаа токтоочу жай курулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Шаар аймактарында унаа тыгын жана унаа токтоочу жайлардын жетишсиздиги күн сайын негизги көйгөйлөрдүн бири болуп келүүдө.

Бул маселени чечүү жана шаар тургундарына ыңгайлуу шарт түзүү максатында көп кабаттуу заманбап унаа токтоочу жай куруу боюнча долбоор иштелип чыкты.

Долбоор боюнча курулуучу унаа токтотуучу жай шаардын күн чыгыш тарабындагы Н. Исанов көчөсүндө жайгашат. Имарат жалпы 5 кабаттан туруп, 125 унаага ылайыкташкан.

Бул долбоордун эскиздик долбоору Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан даярдалды.