Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Быйылкы жылы Ош шаарында көп кабаттуу 70 турак жайдын сырткы фасадын актап-сырдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет.
Маалыматта белгиленгендей, бул иштер мэриянын "Кош каржылоо" долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатат. Ага ылайык, оңдоо иштеринин 50 пайызы мэрия, 50 пайызы үй ээлери тарабынан каржыланат.
Учурда көп кабаттуу 30 үйдүн фасады толук оңдолуп бүтүп, 15 үйдө иштер башталды. Азыркы учурда Анар көчөсү, 9 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн фасады оңдолууда.