Ош шаарында көчөт отургузуу иштери башталат

Аймак Загрузка... 03 Ноябрь 2025 10:25

Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. Ош шаарында көчөт отургузуу иштери башталат.

Мэриядан билдиришкендей, калаа башчысы Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык жаңы капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөн Мамыров көчөсүндө көчөт отургузуу үчүн даярдык көрүлүүдө. Бул максатта жолдун эки тарабына атайын орундар даярдалып, көчөт отургузуу үчүн зарыл шарттар түзүлө баштады.

Жол кыймылына ыңгайсыздык жаратпаш үчүн жумуш түнкү убакытта жүргүзүлүп жатат. Бул иштер Ош шаардык жашылдандыруу чарба комбинатынын кызматкерлери тарабынан алып барылууда.

Долбоор шаардын экологиялык абалын жакшыртууга жана көчөлөрдүн көркүн арттырууга багытталган.