Ош шаарында Казакстандын Башкы консулдугу ачылды — Кабар

Ош шаарында Казакстандын Башкы консулдугу ачылды

Саясат 20 август 2025 14:30
536268247_122181693518368081_5866941767750076668_n.jpg
533954219_122181693788368081_6509240743240011515_n.jpg
534892277_122181693386368081_4427941351207135724_n.jpg
536268205_122181693746368081_4764749141220499752_n.jpg
536271132_122181693422368081_1759534997494522829_n.jpg
536273011_122181693344368081_2732761790616485635_n.jpg
536276045_122181693668368081_1125168492388521162_n.jpg
536276308_122181693704368081_1537733374233956920_n.jpg
536276309_122181693758368081_170899807024236180_n.jpg
536279935_122181693338368081_6560453610327530951_n.jpg
536287317_122181693632368081_7794448005000098516_n.jpg
536287417_122181693404368081_5087703092018973578_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 20.08.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында Казакстандын Башкы консулдугу расмий ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Казакстандын Конституция күнүнө карата уюштурулду.

Ачылышка президенттин өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев, Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Ермухамед Конуспаев жана шаардагы башка консулдук өкүлдөрү катышты.

Өз сөзүндө Элчибек Жантаев Казакстандын Башкы консулдугунун Ошто ачылышын кубануу менен белгилеп, бул кадам эки өлкө ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерин чыңдоого чоң салым кошорун айтты.

Жаңы ачылган консулдук Казакстан менен экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандагы казак жарандарына ар тараптуу жардам көрсөтүү максатында иш алып барат.

Башкы консулдук Ош шаарынын Резиденция кичи районунда, 6-көчө, 18-үйдө жайгашкан.