Ош шаарында эттин баасына мониторинг жүргүзүлдү

Аймак Загрузка... 03 Сентябрь 2025 13:32
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы

Бишкек, 03.09.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарындагы эт сатуучу жайларда эттин баасына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мониторингдин жыйынтыгы менен мал эти Ош шаарында жайгашкан соода түйүндөрүндө, борбордук базарда  680 сомдон, кой эти 680 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды.

Мониторинг учурунда кызматкерлер тарабынан уй, кой эттерин сатуучуларга бааны негизсиз көтөрүүгө жол бербөө жана "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамдын талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.