Ош шаарында "Эне-Сай" жаңы конушунун курулушу кызуу жүрүүдө

Аймак 10 Июль 2025 11:14
1.jpg
514552147_1068101138842116_3640778891985929690_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
514552147_1068101138842116_3640778891985929690_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 10.07.25. /Кабар/. Ош шаарынын Коммунист айылындагы "Эне-Сай" жаңы конушунун курулуш иштеринин жүрүшүн шаар мэри Жеңишбек Токторбаев жеринен көрүп чыкты.

Муниципалиеттен билдиришкендей, учурда долбоорго ылайык жумуштар тездик менен жүрүп жатат. Калаа башчысы курулуш компаниясынын өкүлдөрүнө, үйлөр өз мөөнөтүндө, сапаттуу бүткөрүлүшү керек экендигин эскертти.

Эске салсак бул жерде долбоорго ылайык жалпы 520 үй салуу каралган. Быйыл күз айларына чейин 320 заманбап турак үйлөрдү, аны менен бирге мектеп, бала бакча, ФАП жана башка социалдык мекемелерди бүткөрүү болжолдонгон.

Бул үйлөр шаардагы турак үйлөрү башкы планга ылайык жолду кеңейтүүдө, каналдардын жээгин ачууда башка жакка көчүрүлө турган жарандарга берилет.