Ош шаарында эл аралык поэзия фестивалы өткөрүлөт

Маданият Загрузка... 26 Май 2025 11:11
WhatsApp Image 2025-05-26 at 08.10.26.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 26.05.25 /Кабар/. 28-30-май күндөрү Ош шаарында кыргыздын залкар акыны Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына карата түрк дүйнөсүнүн акындарынын “Жашыл аалам” фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу Жазуучулар союзунан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, фестивалга Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан өлкөлөрүнөн жаш акындар катышат.

Иш-чара түрк дүйнөсүнүн элдеринин ортосундагы маданий жана адабий байланыштарды бекемдөө, жаш акындарды колдоо, түрк дүйнөсүнүн поэтикалык мурасын жайылтуу, чыгармачылык диалогду куруу максатында уюштурулууда.

Иш-чаранын алкагында Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы “Жолон Мамытов” атындагы аллеяга акындын эстелиги ачылып, поэзия кечелери өткөрүлөт.

Фестиваль Түрксой эл аралык уюму, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Ош Мамлекеттик Университети, Ош шаардык мэриясы, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Жазуучулар союзу, Түрк дүйнөсү жазуучулар бирлиги жана Евразия жазуучулар союзу тарабынан уюштуруулуда.

Маалымат үчүн: Жолон Мамытов 1940-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган. Алгачкы ыры 1954-жылы облустук “Ленин жолу” гезитине жарыяланып, кийинки чыгармалары республикалык гезит-журналдарда, альманахтарда басылган. Акын 48 жашында дүйнөдөн кайткан. Жолон Мамытовдун “Отту сүйөм”, “Жашыл аалам”, “Убакыт”, “Ырлар”, “Мезгилдин элеси”, “Буурул таңдын жомогу”, “Суунун өмүрү”, “Жарышкан суулар”, “Атка токум салгыла”, “Жүз жашка тол, кылым”, “Башат жана Мухит” аттуу поэтикалык жыйнактары басмадан чыгып, адабият күйөрмандарынын алкоосуна татыган. Айрым чыгармалары орус жана башка чет тилдерге которулган. Өзү да Федор Тютчевдин, Афанасий Феттин, Владимир Маяковскийдин, Миколас Слуцкистин айрым чыгармаларын кыргыз тилине которгон.