Ош шаарында дагы бир жаңы базар курулуп жатат

Аймак Загрузка... 29 Август 2025 09:00
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 29.08.2025. /Кабар/. Ош шаарынын жаңы муниципалдык базарынын жанына дагы бир базар курулуп жатат.

Мэриядан билдиришкендей, ал жерге Келечек, Бостон жана мөмө-жемиштер базарындагы соодагерлер жайгаштырылат.

Базардын аянты 5 гектар болуп, 1300дөн ашык соода оруну түзүлөт.

Ошондой эле алтын зер буюмдар сатуучу, акча алмаштыруучу жайлар каралган. Эки ажаткана, эки ашкана, унаа токтотуучу жайы менен болот.