Бишкек, 23.06.25. /Кабар/. Ош шаарынын Р. Абдыкадыров көчөсүнүн бир бөлүгүнө жаңыдан асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бул көчөнүн Өскөналиев көчөсүнөн тарта Б. Осмонов көчөсүнө чейинки аралыгы жараксыз абалга келген, учурда эски жол толук капиталдык оңдоодон өттү.
Жолду пайдаланууга берүү аземине Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов жана мекеме ишкана жетекчилери, шаар тургундары катышты.
Жолдун кызыл тасмасы кесилип, калаа башчысы жана шаар тургундары жаңыдан асфальт басылган жолдон басып өтүштү.