Ош шаарында дагы бир көчө реконструкцияланат

Аймак 524 11 Июль 2026 14:00
1612525151_large.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 11.07.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Т. Чопошев көчөсү реконструкцияланат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолдун М. Бегиев көчөсүнөн “Кыргыз унаа” ишканасына чейинки бөлүгү толугу оңдоп-түзөөдөн өтөт.

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев аталган жолдун абалы менен таанышып чыгып, курулушка старт берди.

Анда шаар башчысы ишти тез арада бүтүрүүнү жана сапаттуу жасоону эскертти.

Учурда көчөнү тазалоо жана тегиздөө иштери жүрүп жатат.