Ош шаарында дагы бир үч эмдин үй-бүлөсүнө батир берилди

Аймак 15 Июль 2025 09:34
518242658_1078434921142071_2235296573050538737_n.jpg
518332459_1078434884475408_5315362191252673292_n.jpg
520236018_1078434754475421_5168463858653138687_n.jpg
Алдыга
Артка
518242658_1078434921142071_2235296573050538737_n.jpg
518332459_1078434884475408_5315362191252673292_n.jpg
520236018_1078434754475421_5168463858653138687_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 15.07.25. /Кабар/. Ош шаарындагы дагы бир үч эмдин үй-бүлөсүнө үч бөлмөлүү батир берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шаардагы Эдельвейс дачасынын жолуна асфальт төшөлүп, пайдаланууга берүү учурунда аталган конуштун жашоочусу, жети балалуу баатыр эне Элмира Сулайманкулова үч эм балдары Асан, Үсөн, Батма менен шаар мэри Жеңишбек Токторбаевге жолуккан. Ал буга чейин эки жолу эгиз балалуу, андан кийин үч эмдүү болгонун айткан.

Калаа башчысы эл алдында үч эмге шаардан батир белекке берүүнү убадалап, бүгүн убадасын аткарып, үч эмди жана эгиз балдарды, алардын ата-энесин кабыл алып, үч бөлмөлүү батирдин сертификатын тапшырды.