Бишкек, 28.04.25. /Кабар/. Ош шаарындагы “Чернобыль курмандыктары” эстелигинин алдында Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын кесепетинен каза болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, митинг-реквиемге мэрдин орун басары Салтанат Аманова, президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн өкүлү, Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан ардагерлер, курман болгондордун үй-бүлөлөрү катышты.
Иш-чаранын алкагында эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, апаатта каза болгондор эскерилди.
Эске салсак, 1986-жылдын 25-апрелинен 26-апрелине караган түнү ХХ кылымдын эң ири техногендик апааты – Чернобыль АЭСинин төртүнчү энергоблогунда авария болгон. Жыл сайын 26-апрелде Ош шаарында Чернобыль апаатынын курмандыктары эскерилет. Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыкка быйыл 39 жыл толду.