Бишкек, 25.04.25. /Кабар/. Ош шаарында бош орундар жана кесиптер жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарманке 29-апрель күнү саат 10:00дөн 13: 00гө чейин Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өтөт.
Анда 40тан ашык компания ар кандай тармактарда 2000ден ашык бош орундарды сунушташы күтүлүүдө. Анын ичинде "Евро Азия Групп", "Байка-Текстиль", "Барбол", "Дастан стиль", "Шоро" ЖЧКлары, "Мегаком" ААК, Ош шаарынын муниципалдык ишканалары "Ош-свет" жана "Комбинат по благоустройству и озеленению города Ош", ошондой эле "Центр семейных врачей", Мбанк жана башка компаниялар бар.
Жарманке чегинде жумушка орношуу боюнча мастер-класстар жана кеңеш берүү сессиялары да уюштурулат, бул иш издегендерге ийгиликтүү жумуш табуу боюнча кошумча кеңештерди жана сунуштарды алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Байланыш телефондору: (0322) 7-03-67 , (0998) 09 90 18.