Ош шаарында Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди

Аймак 1 июнь 2025 13:05
497923580_1045232234462340_7509825459585676355_n (1).jpg
495166536_1045232501128980_3449214890006272219_n.jpg
502535341_1045232444462319_4037964467039688129_n.jpg
497923580_1045232234462340_7509825459585676355_n.jpg
495642507_1045232311128999_4045747720916525367_n.jpg
497874275_1045232291129001_8085824457740758304_n.jpg
494072946_1045232454462318_2651433060894773511_n.jpg
502562992_1045232364462327_2050515810686427836_n.jpg
493940267_1045232607795636_4170127726701470976_n.jpg
494622958_1045232534462310_1115721065864782983_n.jpg
494199508_1045232467795650_2442030560868219552_n.jpg
494210823_1045232334462330_7753041950675607123_n.jpg
494071677_1045232561128974_9198953869895574936_n.jpg
502653929_1045232224462341_1075912680137614723_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош мэриясы

Бишкек, 01.06.25 /Кабар/. Бүгүн, 1-июнда Ош шаарында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата чоң майрамдык иш-чара өткөрүлүп, кичинекей шаар тургундарына жагымдуу маанай тартууланды.

Ош мэриясынан билдиришкендей, Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында уюштурулган бул майрамга Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова, шаардык мекеме-ишканалардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышып, балдарды куттуктап, алардын жаркын келечегине ак тилек айтышты.

Бактагы жайкы театрда чоң программадагы концерттик шоу сунушталып, бий жана музыка сүйүүчүлөрү үчүн чыгармачыл топтор тарабынан жандуу аткаруулар тартууланды. Ошондой эле куурчак театры тарабынан жомоктордон үзүндүлөрү көрсөтүлдү.

Иш-чаранын алкагында шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан спорттук оюндар — шахмат, шашки, тогуз коргоол, аркан тартыш жана башка мелдештер уюштурулуп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды.

Майрамдын жүрүшүндө сүрөт тартуу сынактары, ар кандай чыгармачылык жана интеллектуалдык оюндар өткөрүлүп, балдарга балмуздак таратылды.