Ош шаарында балдар үчүн амфитеатр ачылды

Аймак 01 Октябрь 2025 09:00
FB_IMG_1759239043361.jpg
FB_IMG_1759239045773.jpg
FB_IMG_1759239048917.jpg
FB_IMG_1759239051648.jpg
FB_IMG_1759239055945.jpg
FB_IMG_1759239059868.jpg
FB_IMG_1759239064778.jpg
FB_IMG_1759239072772.jpg
FB_IMG_1759239077733.jpg
FB_IMG_1759239082426.jpg
FB_IMG_1759239099262.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1759239043361.jpg
FB_IMG_1759239045773.jpg
FB_IMG_1759239048917.jpg
FB_IMG_1759239051648.jpg
FB_IMG_1759239055945.jpg
FB_IMG_1759239059868.jpg
FB_IMG_1759239064778.jpg
FB_IMG_1759239072772.jpg
FB_IMG_1759239077733.jpg
FB_IMG_1759239082426.jpg
FB_IMG_1759239099262.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Ош шаарындагы балдардын “Келечек” чыгармачылык борборунун имаратынын артындагы бош турган жерге ачык типтеги амфитеатр курулуп, бүгүн пайдаланууга берилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ачылыш аземине калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, борбордун эмгек жамааты, жаш өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери катышты.

Алгач борбордун чыгармачыл ийримдеринин жаш таланттары тарабынан концерттик программа тартууланды.

Шаар мэри амфитеатрдын ачылышы менен куттуктап буга чейин мэрия тарабынан борбордун имараты жана айланасы толук капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп берилгенин, бүгүн ачык асман астында концерттик аянт курулуп, пайдаланууга берилип жатканын айтып өттү. Бул сапар да куру кол келбегендигин билдирип, борборго балдар үчүн кичи автобус белеке берди.