Ош шаарында 30 чакырым тротуар салынууда

Аймак 15 май 2026 16:30
Ош шаарында 30 чакырым тротуар салынууда
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Ош шаарында азыркы тапта 30 чакырым тротуар салынууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Тротуарлар төмөнкү көчөлөрдө салынууда:

  • Курманжан Датка көчөсү (7 чакырым);
  • Алымбек Датка көчөсү (3,5 чакырым);
  • Көкүм-Бий көчөсү (16 чакырым)4;
  • А.Масалиев көчөсүндө (2 чакырым).

Белгиленгендей, бул жумада президенттин тапшырмасы менен мэр Жанарбек Акаевдин эл менен жолугушууларды өткөрүп, анда тротуар куруу, жаңылоо тууралуу суроолор басымдуу болууда.