Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. Ош шаарында аттракциондордун коопсуздугу текшерилүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүү "Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, алардын физикалык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүшүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу чаралары жөнүндө" КР мыйзамын аткаруунун алкагында тиешелүү кызматтардан түзүлгөн жумушчу топ тарабынан балдарга арналган оюн-зоок аянтчаларынын коопсуздугу боюнча текшерүүлөр жүрүп жатат.
Текшерүүнүн жүрүшүндө санитардык-гигиеналык абал, өрт жана техникалык коопсуздук талаптарынын сакталышы тыкыр каралууда.