Бишкек, 6.07.26. /Кабар/. 9-июль күнү саат 9:00дө Ош шаарынын борбордук аянтында FOTON фирмасынын атайын техникаларынын көргөзмөсү өтөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында ар кандай үлгүдөгү атайын техникалар коюлат. Шаар тургундары жана ишкерлер техникалар менен жеринен таанышып, толук маалымат ала алышат.
"Көргөзмөгө катышкандар үчүн фуршет уюштурулат. Ошондой эле катышуучулардын арасында белектер жана Кытайдын Пекин шаарына жолдомо ойнотулат", — деп айтылат маалыматта.