Ош шаарында алгачкы муниципалдык социалдык жатакана ачылды

Аймак 28 Июнь 2025 11:37
1.jpg
512587978_741782034886120_7782276002108531566_n.jpg
512669112_741781538219503_2288547051679262603_n.jpg
512673276_741781354886188_4070856690135878158_n.jpg
512674508_741781391552851_8579345151823471432_n.jpg
512675815_741782094886114_3295824227335479434_n.jpg
512676686_741781468219510_3744848861130599665_n.jpg
512681272_741781614886162_5834585266989223054_n.jpg
512698623_741781451552845_2366655667808840661_n.jpg
512712523_741781558219501_5947643026519445395_n.jpg
513911338_741781741552816_3489405788885180016_n.jpg
513938832_741781508219506_2660514186162865456_n.jpg
513940151_741781371552853_6286735161335270155_n.jpg
513979104_741781778219479_9095157071012883922_n.jpg
514029055_741781844886139_3424142861074565702_n.jpg
514057845_741781644886159_7415341752070627089_n.jpg
514188692_741781704886153_1111621248460177186_n.jpg
514327486_741781758219481_7522688108149741895_n.jpg
514363243_741781408219516_7814995735848939996_n.jpg
514364271_741781578219499_5412629637544103257_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 28.06.25. /Кабар/. Ош шаарында алгачкы муниципалдык социалдык жатакана ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кызматка келген күндөн тартып коомчулукта турак-жай сурап кайрылган жарандардын арты үзүлбөй келет. Алардын басымдуу бөлүгүнүн батирге акча төлөө мүмкүнчүлүгү жок же болбосо кароосу жетишсиз жана майыптыгы барлар.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн шаар башчысы бош, пайдаланылбай турган имаратты толук шарттары менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөртүп, муктаждарды жайгаштыруу чечимин кабыл алган.

Күн мурун аталган социалдык жатакана ачылып, пайдаланууга берилди. Ага калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, жергиликтүү тургундар, мекеме-ишкана жетекчилери катышты.

Үч кабаттан турган жатаканада 45 бөлмө болуп, ар бир кабатта бардык шарттары менен ашкана, даараткана жана жуунучу бөлмөлөр каралган. Бул жерге жайгаштырыла турган үй-бүлөлөрдү атайын комиссия социалдык абалын карап чыгып, уруксат берет.

Жашоочулар 6 айдан тарта 2 жылга чейин жашай алат. Бул аралыкта аларга жумуш орун таап берилип, андан ары өз жашоосун жолго коюп алууга багыт берилип, көмөк көрсөтүлөт. Ошондой эле коммуналдык бардык төлөмдөрдөн бошотулат.