Ош шаарында 4 тилкелүү эки көчөнүн курулушу башталды

Аймак Загрузка... 23 Март 2026 12:21
WhatsApp Image 2025-12-22 at 15.07.59 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Ош шаарында 4 тилкелүү эки көчөнүн курулушу башталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Күн мурун мэр Жанарбек Акаев Атабаев жана Абакир уулу Төрөбек көчөлөрүндө жүргүзүлүп жаткан жолдордун курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен көрүп чыгып, аткарылып жаткан иштерди тездетүү жана өз убагында бүтүрүү боюнча тапшырма берди.

Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолугуп, башталган көчөлөрдүн курулуш иштерин көзөмөлдөп, тез арада жана сапаттуу бүткөрүү убадасын берди.

Белгилей кетсек, аталган көчөлөр төрт тилкелүү болуп кеңейтилет жана жол жээктерине ирригациялык лотоктор орнотулуп, көрктөндүрүлүп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар салынат.