Ош шаарында 3 көчө катарынан ачылды

Аймак Загрузка... 27 Август 2025 10:40
copyright icon Ош шаардык мэриясы

Бишкек, 27.08.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн 3 көчө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көчөлөрдүн ачылышына Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов жана шаар тургундары катышты.

Оңдоп түзөө иштеринен кийин ачылган көчөлөр:

  • Маткеримова (Уруцкий);
  • Алымбеков (Краснофлотск);
  • Байтемиров көчөлөрү.