Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. Ош шаарындагы мектептерге 62 интерактивдүү панелдер тапшырылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Интерактивдүү панелдер президент Садыр Жапаровдун атынан № 41 Х.Абдуллаев жана № 1 Федченко атындагы мектептерге берилди. Алардын жалпы суммасы 12 млн 400 миң сомду түзөт.
Жабдууларды шаар мэр Жеңишбек Токторбаев тапшырып, бул камкордук мугалимдер үчүн чоң мүмкүнчүлүк экенин белгиледи. Учур талабына жооп берген, мугалимдин ишин жеңилдеткен, окуучунун кызыгуусун арттырган мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү – бүгүнкү күндүн негизги милдети экенин кошумчалады.
Буга чейин 8 билим берүү мекемесине 14 интерактивдүү панель берилген. Алдыда дагы өлкө башчынын атынан заманбап жабдык менен камсыздоо улантылат.