Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын Мээркан айылындагы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн "Мээр" бала бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Белгиленгендей, буга чейин бул имарат № 34 Ч. Түлөбердиев мектебинин филиалы болчу. Ал мектеп жаңы имаратка көчкөн соң бошогон бул жай мэриянын чечими менен бала бакчага ыңгайлаштырылды. Заманбап талаптарга жооп берген төрт тайпага ылайык 100 орундуу бала бакча иштеп баштады.
Бөлмөлөрү жасалгаланып, ички ажаткана оңдолду. Короо ичинде кошумча кир жуучу жай, ажаткана, ошондой эле толук жабдылган жаңы ашкана курулду. Бала бакча керектүү эмеректер менен камсыздалды.