Ош шаарына жаңы 120 атайын техника тапшырылды

Аймак Загрузка... 12 Август 2025 09:55
Screenshot_2025-08-12-09-58-28-506_com.facebook.katana.jpg
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 12.08.25. /Кабар/. Ош шаарына жаңы 120 атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Техникаларды күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырды.

Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана калаа тургундары катышты.

Жаңы техникалар шаар көчөлөрүн жууп-тазалоо, шыпыруу, кышкысын жолдордогу карды күрөө, туз себүү сыяктуу иштерде колдонулат. Ошондой эле автокөтөркүчтөр (автовышка), крандар, HOWO, SHAHMAN оор жүк ташуучу унаалар, жолго асфальт төшөөчү техникалар бар.

Бул техникалар президент Садыр Жапаров мамлекеттик турукташтыруу фондунан бөлүп берген 500 млн сом каражатка сатып алынды.