Ош шаарына бүгүн түнү жылуулук берилет

Аймак 3 ноябрь 2025 14:38
Ош шаарына бүгүн түнү жылуулук берилет

Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. Ош шаарына 3-ноябрдан 4-ноябрга караган түндөн тарта жылуулук берилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда чечим кабыл алынып, тиешелүү тармактарга тапшырмалар берилди.

Жылуулук этап-этабы менен берилип, 3-4 күндүн ичинде толук жеткирилет. Алгач ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан кийин турак жайлар менен мекеме-ишканалар жылуулук менен камсыздалат.