Ош шаарына Алымбек датканын эстелиги тургузулду

Аймак 26 Август 2025 18:23
FB_IMG_1756210962766.jpg
FB_IMG_1756210971320.jpg
FB_IMG_1756210937249.jpg
FB_IMG_1756210941235.jpg
FB_IMG_1756210943719.jpg
FB_IMG_1756210948265.jpg
FB_IMG_1756210951499.jpg
FB_IMG_1756210956100.jpg
FB_IMG_1756210923923.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1756210962766.jpg
FB_IMG_1756210971320.jpg
FB_IMG_1756210937249.jpg
FB_IMG_1756210941235.jpg
FB_IMG_1756210943719.jpg
FB_IMG_1756210948265.jpg
FB_IMG_1756210951499.jpg
FB_IMG_1756210956100.jpg
FB_IMG_1756210923923.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 26.08.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында Алымбек Датканын эстелигин жана жаңыланган скверди ачуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Алай районунун акими, Алымбек датканын Алайдан келген урпактары жана калаа тургундары катышты.

Иш-чара сахналаштырылган көрүнүштөр менен коштолуп, Алымбек датканын доорундагы элестер чагылдырылды. Ошондой эле Алымбек датканын тарыхта калтырган изи, кыргыз элинин биримдигин, мамлекеттин бекемдигин сактоодогу эбегейсиз орду тууралуу айтылды.

Ош шаарынын мэриясы Алымбек датканын эстелигин тургузуу менен катар айкелдин айланасындагы скверди көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тротуарларды оңдоо иштерин да жүргүздү.