Бишкек, 04.09.25. /Кабар/. Ош шаарына 95 метрлик флагшток орнотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, Ош шаарын өнүктүрүү жана мамлекеттик символдорду даңазалоо иштеринин алкагында калаанын архитектуралык көркүн жаңы деңгээлге чыгаруу максатында учурдагы 45 метрлик желек саптын ордуна 95 метрлик жаңы желек сап орнотуу чечими кабыл алынды.