Бишкек, 06.11.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарына Өзбекстандан алып келинген 1000 даана чынар теректин көчөттөрүн отургузуу иштери башталды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев катышып, көчөт отургузууну баштап берди.
Жаңы көчөттөр быйыл капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн көчөлөрдүн жээктерине отургузулат. Бул аракеттер шаарды жашылдандыруу жана экологиялык абалды жакшыртуу максатын көздөйт.