Бишкек, 26.08.25 /Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Кореянын Пхентэк шаарынын мэри Чон Чан Сон баштаган делегаттар менен жолугушту.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууга Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова да катышты.
Жолугушууда эки шаар ортосундагы достук мамилелерди орнотуу ниети жөнүндө келишимге кол коюлду. Ага ылайык маданий, билим берүү, экономикалык жана туризм жаатындагы узак мөөнөттүү кызматташууга басым жасалат.