Ош шаары кар тазалоочу жаңы техникаларды сатып алды

Аймак 17 Октябрь 2025 14:41
1.jpg
557729482_1154528156866080_414338623839163224_n.jpg
561025371_1154527836866112_6083335351443814922_n.jpg
561057716_1154528813532681_5186379732918364593_n.jpg
561096599_1154528403532722_4803799478663031921_n.jpg
561599798_1154528270199402_8139077256902263896_n.jpg
561766886_1154527843532778_7937176065271032789_n.jpg
564146454_1154527970199432_4012246624774650933_n.jpg
564184413_1154528446866051_7521028577769379585_n.jpg
565128170_1154528486866047_8750609605606660574_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 17.10.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кыш мезгилине карата унаа жолдорун жана тротуарларды тазалоочу техникалардын даярдыгын текшерди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, быйыл биринчи жолу мэрдин демилгеси менен шаар тротуарларын тазалоочу атайын техникалар сатып алынган. Мэр Токторбаев жаңы техникаларды өзү айдап, иштөөсүн сынап көрдү.

Кышында Ош шаарындагы көчөлөрдү, тротуарларды жана коомдук жайларды “Тазалык” ишканасы, “Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” жана шаардык жолдор башкармалыгы тейлейт.

Мурунку жылдары 5-6 гана техника иштеп, жумушчулар кум-туз аралашмаларын кол менен чачууга мажбур болушчу. Ал эми быйыл жаңы техникаларды кошкондо 26 техникага жетип, шаар жылдагыдан беш эсе көп техника менен камсыздалууда.

Мэр Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтарга 1-ноябрга чейин бардык даярдык иштерин аяктоону тапшырды.